AVN







"ХЕЛЛОУИН"

 Nov 4, 2022  248

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-20 тайпасынын куратору А.Б. Мамбеталиева тарабынан Хеллоуин майрамы уюштурулду. Бул тууралуу аталган кафедрадан билдиришти.

Студенттер шайтандардын, жез кемпирдин, вампирлердин жана башка каармандардын костюмдарын кийишип, майрамдык программасын көрсөтүштү. Хеллоуиндин тарыхы жөнүндө маалымат берилип, ар кандай кызыктуу сынактар уюштурулду.

Хеллоуин англис тилдүү өлкөлөрдө майрамдалганы менен расмий түрдө белгиленбейт. ХХ кылымдын аягында глобалдашуу жараяны менен англис тилдүү эмес өлкөлөрдө да Хеллоуиндин атрибуттарына мода башталган. Бул майрам АКШ жана Улуу Британия менен маданий байланышы бар Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдө да белгиленет. "Хеллоуин" сөзү англис тилиндеги All-Hallows-Even сөзүнүн гаэл тилинде кыскартылып айтылганы. Оксфорд сөздүгү боюнча бул сөз алгачкы жолу XVI кылымда эскертилет.Карнавал кийимдерин кийүү жакында эле пайда болгон салт. Алгачкы жолу карнавал кийимин кийип майрамдаган учур 1895-жылы Шотландияда катталган. Анда бет кап кийген балдар ар кайсы үйгө барып момпосуй, жемиш жана акча сурашкан. Хеллоуинде шайтандардын, вампирлердин, кубулма кишилердин, жез кемпирдин гана эмес, феянын, канбийкенин, поп-маданиятынын өкүлдөрүнүн да костюмдарын кийишет. Бул майрам Кыргызстанда 2012—2013 жылдар аралыгында белгилене баштаган.