Теория жана практиканы айкалыштыруу менен ийгилик жаралат
Nov 2, 2022 406
Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика багытынын, ЭКк-1-22 тайпасына, теория жана практиканы айкалыштыруу максатында адистикке киришүү предмети боюнча, лекциялык жана практикалык сабактар РСК банктын башкы имаратында уюштурулду. Сабактын теориялык жагын экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын доценти Э.Н.Төлөнов, практикалык жагын ААК РСК банктын Жалал-Абад филиалынын директору Ибраимов Темирбек Ибраимович жана банктын башкы адиси Рустамов Тимур Абдрахманович өткөрүштү. Сабак учурунда банк системасы боюнча көптөгөн кызыктуу суроолор берилип, жооптор алынды. Сабактын соңунда РСК банктын администрациясы тарабынан студенттерге банктын логотип белгиси басылган кепкалары жана футболкалары белекке берилди. Аны менен бирге РСК банк менен экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ортосунда кызматташуу боюнча, келишимге кол коюлду.