AVN







АТА БАБАЛАР ЭСКЕРИЛҮҮДӨ

АТА БАБАЛАР ЭСКЕРИЛҮҮДӨ
 Nov 2, 2022  393

ЖАМУнун тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата студенттерге атайын жадыбалдын негизинде лекцияларды окушууда. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Гулнора Анарбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы ПЖ №231 “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү жөнүндө” жарлыгын турмушка ашыруу максатында,  иш-чараларды өткөрүүнүн жадыбалы түзүлгөн.  Анын  негизинде Б.Осмонов атындагы  ЖАМУ нун тарых кафедрасынын доценти т.и.к., Э.А. Авазов жана кафедранын окутуучусу М.К. Умарова филология факультетинде, кафедранын ага окутуучусу Ж.Т.Рыспаева табыгый технологиялык факультетте студенттерге лекция өтүштү – дейт Г. Анарбаева.

Ата-бабалардын басып өткөн тарыхын кийинки муунга жеткирүү биздин милдет. Андыктан студенттерге кеңири маалыматтарды берисек, ата-мекенге болгон сүйүүсү күчөп, патриот, кесипкөй, өз элине ак кызмат кылышат деп ойлойм деген оюн кошумчалады Г. Анарбаева.

  • АТА БАБАЛАР ЭСКЕРИЛҮҮДӨ
  • АТА БАБАЛАР ЭСКЕРИЛҮҮДӨ
  • АТА БАБАЛАР ЭСКЕРИЛҮҮДӨ
  • АТА БАБАЛАР ЭСКЕРИЛҮҮДӨ