AVN







ЖАШТАРДЫ ИЛИМГЕ ҮНДӨГӨН ИШ-ЧАРА...

ЖАШТАРДЫ ИЛИМГЕ ҮНДӨГӨН ИШ-ЧАРА...
 Nov 1, 2022  291

ЖАМУнун педагогикалык багыттагы магистратурасынын 1-курсуна магистрдик деңгээл боюнча тааныштыруучу иш чара болуп өттү. Бул тууралуу илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнөн билдиришти.

Алардын айтымында иш-чарага  ф.и.д., профессор И.Абдувалиев баш болгон ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамынын айрым мүчөлөрү 1-курстун магистранттарына, магистрдик программа жана аны өздөштүрүүнүн жолдору, магистрдик даражанын маани-маңызы, ага жетүүнүн жолдору жана магистрлер үчүн окуу жайда түзүлгөн шарттар, мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңири айтып беришти жана магистранттардын көптөгөн суроолоруна жооп беришти.

Акырында, магистранттар бүгүнкү иш-чарага ыраазылыктарын жана мындан бир канча жыл мурда ЖАМУдан окуп кеткендер окуу жайдагы жакшы жакка карай өзгөрүүлөргө, айрыкча техникалык-базалык жактан жетишкендиктер абдан көп экендигине кубангандыктарын билдиришти.