AVN







ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ
 Nov 1, 2022  280

Жалал-Абад колледжинде дисциплинаны жумуш ордунда окутуу активдүү жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдарда коргоо жана автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо ПЦКсынын башчысы А.Эшбаевдин билдирүүсү боюнча  ӨККк-2-21 тайпасында “Метрология,стандартизация жана сертификациялоо” сабагы боюнча жумуш ордунда окутуу болуп өттү. Окутуучу Б.А. Исмаилов сабак ӨКМдин алдындагы Жалал-Абад областы боюнча гидрометеорогиялык борборунда болду.

Борбордун башчысы Мамытов Урмат Миталович студенттерге борбордун аткарган иштери менен терең таныштырып чыкты. Жалал-Абад областы боюнча атмосферанын курамын жана түзүлүшүн, атмосферадагы жана жер бетиндеги жылуулук алмашуу жана жылуулук режими, атмосферадагы ным алмашуусун, аба массаларынын кыймылы жөнүндө маалыматтар студенттерге түшүнүктүү кылып жеткирди. Ошондой эле студенттер борбордо колдонуучу өлчөө приборлор, аспаптар менен таанышып чыгышты.

   Жумуш ордунда окутуу сабагы  ӨККк-2-20 тайпасында“Жашоо тиричилик коопсуздугунун медико-биологиялык негиздери” сабагы боюнчада болду Окутуучу Орозалиева М.Р. сабак ӨКМдин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгын №52 аскер бөлүгүндө болду. Сабак өткөн ӨКМдин Жалал-Абад шаары боюнча бөлүмүнүн фельдшери Турдубаев Абдилатип Дүйшөбаевич студенттерге жабырлануучуга алгачкы шыпаагердик жардам көрсөтүү негиздери, анын ичинен алгачкы шыпаагердик жардам көрсөтүү эрежелери, алгачкы шыпаагердик жардам көрсөтүү түрлөрү жана ыкмаларын терең түшүндүрүп берди. Ошондой эле алгачкы шыпаагердик жардам көрсөтүүдөгү колдонуучу каражаттар, дары дармектер менен танышып чыгышты. Сабак студенттердин кызыгуусун артырып, түрдүү суроо-жооптор менен өттү.

  • ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ
  • ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ
  • ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ