Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу Шерипбаев Амангелди 27-октябрь күнү ФФнын КТ-1-20 тайпасына кыргыз адабияты (совет доору) дисциплинасынан «Т. Сыдыкбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы» деген темада ачык сабак өттү. Сабакка кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент А.Кадырова, окутуучу Г.Кудайкулова, кабинет башчы Имаралы к Назбийкелер катышты, соӊунда өз ой-пикирлерин билдиришти.
Студенттер лекцияда Кыргыз эл жазуучусу Т.Сыдыкбековдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу маалыматтарды, “Жол” аттуу мемуардык чыгармасындагы автордун баяндоосунун негизинде өздөштүрүштү. Лекциянын планы, сунушталган адабияттар жана лекциянын тексти электрондук доскада чагылып турду. Мындан тышкары жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгын кеңири мазмунда камтыган “Мен миң жыл жашадым” аттуу дубал газета да пайдаланылды.
“Жыйынтыктап айтканда, лектор А.Шерипбаев жазуучуну кыргыз адабиятчы, сынчылары белгилеп жүрүшкөндөй, “кара сөздүн дыйканы”, “кыргыз романчысы”, “кыргыз адабиятынын патриархы” деген мүнөздөмөлөргө төп келген жазуучу катары чыгармалары аркылуу далилдеп, корутунду чыгарды. Сабакты “эӊ жакшы” деп бааладык ”, - деп белгиледи кафедра башчы А.Кадырова.