AVN







ЭЛЕКТРИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ

ЭЛЕКТРИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
 Oct 31, 2022  279

Жалал-Абад колледжинин энергетика ПЦКсынын электр менен камсыздоо, электр станциялары, тармактар жана системалар адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЭС-2-20(9), ЭСС-2-20(9) тайпаларынын өндүрүштүк практикасына жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 28 студент катышып, өндүрүштүк  практикада аткарылчу жумуштары жана практиканын максат, милдеттери  менен таанышыштырылды.

Конференцияга  ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Кайкиева Үлпат жана практика жетекчилери  Курбанов А. Алимбаева Г.жана энергетика ПЦКсынын төрайымы Шаимкулова С. катышышты.

            Аталган ПЦКдан билдиргендей, техник-электриктер өндүрүштүк практикада ушул жылдын 24-октябрдан 3-декабрга чейинки мөөнөттө Жалал-Абад электр тармактары ишканасында жана ага караштуу райондук электр тармактарында,ошондой эле жакынкы аралыктагы подстанцияларда практика өтөшөт.

ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Кайкиева Үлпат өз сөзүндө студенттерге кесиптик жана жалпы компетенцияларын жогорулатууда, билимдерин тереңдетүүдө, үзгүлтүксүз өз алдынча билим алууда, коомдун алдында моралдык милдеттерди алууда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Каалоо-тилектерди утурлай ЖАКтын окуу-өндүрүштүк мастери Э.Сайназаров студенттерге өрт жана электр коопсуздук эрежелерин түшүндүрдү. ЖАКтын энергетика ПЦКсынын практика жетекчиси Г.Алимбаева алдыдагы 6 жумалык өндүрүштүк практиканын жол картасы менен бүтүрүүчүлөрдү тааныштырып сөз сүйлөдү.

            Конференциянын соңунда балдарга жолдомолор менен жол карталар таркатылып, көрсөтмөлөр берилди.

  • ЭЛЕКТРИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
  • ЭЛЕКТРИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
  • ЭЛЕКТРИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
  • ЭЛЕКТРИКТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ