AVN







Магистранттардын илимий-педагогикалык практикасын жыйынтыктоочу конференциясы

Магистранттардын илимий-педагогикалык практикасын жыйынтыктоочу  конференциясы
 Oct 31, 2022  318

Англис тили жана адабияты кафедрасынын  ФББ -(АТ)-маг-1-21 тайпасынын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.  Бул тууралуу аталган кафедрадан кабарлашты.

Конференцияга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илим, аспирантура, магистратура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы доцент  Д.М.Чокоева, факультеттин деканы доцент Калмурзаева А.А.,  профессордук-окутуучулук курам жана магистранттар катышты.

Магистранттар илимий-педагогикалык практикасын англис тили жана адабияты кафедрасында 2022-жылдын 5-октябрынан 22-октябрына чейин өтөшкөн. Магистранттар практика боюнча отчетторун презентациялашты. Практика учурунда негизги билим берүү программасы, окуу пландары, жумушчу программалар менен таанышып, илимий жетекчилеринин лекциялык жана практикалык сабактарына катышып, жаныча усул, стратегияларын илимий иштерине айкалыштырып, практикада колдонууну үйрөнүштү.

Конференциянын жыйынтыгында илимий-педагогикалык практика боюнча берилген отчеттору «канааттандырарлык» деп табылып, профессордук-окутуучулук курам магистранттарды баалашкан.

  • Магистранттардын илимий-педагогикалык практикасын жыйынтыктоочу  конференциясы
  • Магистранттардын илимий-педагогикалык практикасын жыйынтыктоочу  конференциясы
  • Магистранттардын илимий-педагогикалык практикасын жыйынтыктоочу  конференциясы