AVN







КАРЫЛАР – КАЛКЫБЫЗДЫН КАЗЫНАСЫ

КАРЫЛАР – КАЛКЫБЫЗДЫН КАЗЫНАСЫ
 Oct 28, 2022  275

"Карынын кебин капка сал" демекчи, келечекти көрө билип, жаш муунду туура жолго тарбиялоодо ак сакалдуу аталардын кеби, ак элечектүү апалардын акылы туңгуюктан жол тапкандай эле. Жылдар улгайтса да, карыларыбыздын акыл насааты бул калкыбыздын казынасы. Мындай ойду жогорку математика жана МОТ кафедрасынын 1-курсунун студенттери билдиришти.

Алар ошондой эле  карылардан кабар алуу бул жакшы жышаан деп эсептешет. Мына ушул максатта 2022-жылдын 1-октябрь “Бүткүл дүйнөлүк карылар күнүнө” карата жогорку математика жана МОТ кафедрасынын 1-курсунун студенттери жардамга муктаж болгон Алима эжеден кабаралып, аз да болсо күнүмдүк азык түлүк алып барып тапшырып келишти.

  • КАРЫЛАР – КАЛКЫБЫЗДЫН КАЗЫНАСЫ