Жалал-Абад колледжинин эмгек жамааты карылар күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын 41 улгайган жашоочусуна материалдык жардам беришти. Бул тууралуу аталган колледжден кабарлашты.
Алардын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылкы 10-апрелиндеги №237 “КыргызРеспубликасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” токтомун ишке ашыруу максатында кабыл алынган 1- октябрь – “Улгайган адамдарды Эл аралык күнүнө” карата Жалал –Абад колледжи “Карысы бардын – ырысы бар” аттуу ураан менен Жалал- Абад шаарынын улгайган адамдарына материалдык, моралдык жардам көрсөтүшкөн.
Жалал- Абад шаарындагы 41 улгайган жаранга жана мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жаранга да өз жардамдарын беришти.