AVN







ЖАМУ: АРМИЯҢДЫН ТЫЛЫ БОЛ!

ЖАМУ: АРМИЯҢДЫН ТЫЛЫ БОЛ!
 Oct 24, 2022  304

Мекен чек арасынын бекемдиги өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн, бүтүндүгүнүн негизги шарты болуп келген жана болуп кала бермекчи. Бул жооптуу ишти аткаруу милдети мекенге берилген, эрктүү, туруктуу жана мекенчил жоокерлерге гана тапшырылат. Чек ара сакчылары өлкө эгемендигине кол салган негизги соккуну өздөрүнө алып, тайманбастык менен анын мизин кайтарып келишүүдө.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Баткен областындагы өзгөчө кырдалга байланыштуу чечимин,  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “БИЗ БАТКЕН МЕНЕН” чакырыгын колдоп, Баткен жергесиндеги каргашалуу окуядан жабыр тарткан мекендештерибизге ар тараптуу жардам көрсөтүүдө.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин президиумунун чечими менен ар бир кесиптик бирлик мүчөсүнө профкомитетинин бюджетинен берилген 500 сом өлчөмүндөгү майрамдык колдоону толугу менен Баткен жергесиндеги Мекен сакчыларына жумшоо боюнча табигый-техникалык факультетинин кесиптик бирлик бюросунун чогулушу чечим кабыл алып жана  жалпы жамаатты бул чечимди колдоого чакырышкан. Бул чакырыкты колдоо максатында окуу жайыбыздын кесиптик бирлик комитети  “Биз баарыбыз бириксек күчтүүбүз!”  деген аталыштагы кайрымдуулук акциясын уюштуруп, өткөрүштү. Профессордук-окутуучулук курам өздөрүнүн каалоолору боюнча майрамдык сый катары берилген 500 сом каржылык колдоону кээ бир мүчөлөр толугу менен,, кээ бир мүчөлөр анын белгилүү бир бөлүгүн Баткен жергесиндеги Мекен сакчыларына даректүү колдоо көрсөтүүгө багытталган акцияга беришти. Комитетин президиумунун чечими менен түзүлгөн атайын комиссия акциянын жыйынтыгын чыгарып, Баткендеги бир аскер бөлүктүн алдын ала макулдугу менен керектүү каражаттарды сатып алып, атайын өкүлдөр тарабынан дарегине жеткирилип берилди. Баткен жергесине барган кесиптештерибиз аскер кызматкерлерине улуу муундун өкүлдөрү калтырган чек ара салттарын бекем тутуп, кыраакылык, чебердик, туруктуулук менен мындан ары дагы чек арабыздын бүтүндүгүн, бекемдигин сактай алыштарына бекем ишенүү менен аларга  чың ден-соолук, иштериде ийгилик, бейпил турмуш, каалап ыраазычылык билдиришти. Кыргыз жерибизди коргоп, элибизге тынч уйку тартуулаган мекен сакчыларыбызга таазим кылабыз!

Мындай акциялар дагы да улана бермекчи, анткени армияга жардам берүү ар кимдин иши, бирок Ата Мекенди коргоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз! 

  • ЖАМУ: АРМИЯҢДЫН ТЫЛЫ БОЛ!
  • ЖАМУ: АРМИЯҢДЫН ТЫЛЫ БОЛ!