AVN







ДОКТОРЛУК ДИССЕРТАЦИЯ ТАЛКУУЛАНДЫ

ДОКТОРЛУК ДИССЕРТАЦИЯ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Oct 24, 2022  357

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Д.М.Чокоеванын "Улуттук адабият дүйнөлүк көркөм контекстте" аталышындагы (ил.консультанты академик А.А.Акматалиев) доктордук диссертациясы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын кеңейтилген отурумунда талкууланды.

Талкууга Ош мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.д. Г.Жамгырчиева, ЖАМУнун гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, ф.и.д., проф.А.Эшиев, ф.и.д., ЖАМУнун профессору К.Калчакеев, ЖАМУнун философия кафедрасынын профессору, филос. и.д. Г.Токоева, ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессорлору, ф.и.д. М.Мирзахидова, ф.и.д.И.Абдувалиев, ушу кафедранын доценти, ф.и.к. А.Оморов, ф.и.к Г.Көчөрова, улук окутуучу А.Шерипбаев катышышты. Жыйынды кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.Кадырова алып барды. Талкуу өтө кызуу маанайда өтүп, диссертант Д.Чокоева өзүнө берилген суроолордун баарына кеңири жооп берди.

Окумуштуулар бир ооздон доцент Д.М.Чокоеванын "Улуттук адабият дүйнөлүк көркөм контекстте" аталышындагы доктордук диссертациясын бир ооздон жактырышып, иштин илимийүүлүгүн, мазмундуулугун, автордун илимий көз караштарынын так берилгендигин жана жетиктигин ж.б. мыкты жактарын белгилеп өтүштү.

Кафедранын кеңейтилген жыйыны: 1. Иштин структурасы боюнча айтылган сунуштар эске алынсын. 2. Иш коргоого сунуш кылынсын - деген 2 пункттан турган токтом чыгарды.