AVN







МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН

МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН
 Oct 24, 2022  345

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучусу Бекназарова Махабат ФМО-1-22 тайпасына "Мекеним менин Кыргызстан" темасында куратордук саат өттү.

Куратордук сааттын максаты: Ата мекенди сүйүүгө жана Ата Журту менен сыймыктанууга тарбиялоо. Улут аралык достук, биримдик, тынчтык – мекенибиздин өнүгүшүнүн негизги шарты экендигин студенттердин аң-сезимине жеткирүү.

Куратордук саатта тайпанын студенттери өз алдынча изденүү менен өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүп, мекенге арналган слайддарды чагылдырып, автордук ырларды окуп, мекенчил атуул катары Баткен окуясына көз чаптыруу менен өздөрүнүн ойлорун ортого салышып, жандуу дискуссия жаратышты. Тайпанын студенттери мекендин патриот атуулдары экендиги өздөрүнүн чыгармачыл иш-аракеттеринен билдиришти.

Куратордук саатка кафедранын окутуучулары катышышты, студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн, замандын талабына жараша өздөрүнүн чыгармачылыгын, тапкычтыгын, аракетчилдигин жана жоопкерчиликтүүлүгүн көрсөтө алышты.

  • МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН
  • МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН