AVN







САБАКТЫ БАЙКОО ИШ ЧАРАСЫ ӨТҮП ЖАТАТ

САБАКТЫ БАЙКОО  ИШ ЧАРАСЫ  ӨТҮП ЖАТАТ
 Oct 20, 2022  261

Жалал-Абад колледжинде 2022-2023-окуу жылы өтүлгөн сабактардын сапатын жогорулатуу жана окутуучулардын өз сабактарын өтүүдө жоопкрчилигин арттыруу максатындагы сабактарды байкоо иш чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу колледжден билдиришти.

Маалыматта байкоого атайын комиссиянын мүчөлөрү түзүлгөнү айтылат. Комиссия график боюнча ар бир курстун  сабактарына өзүнчө убакытта байкоо жүргүзүп жатышат. Сабактын анализи электрондук форматта болуп, жыйынтык байкоочунун киргизген маалыматынын негизинде автоматтык түрдө чыгат.

Комиссия төмөнкү критерийлер боюнча сабакты анализдейт:

1.Сабактын уюштуруу баскычын аткаруусу

2.Студенттердин иш аракеттерин уюштуруу

3. Окутуучунун иш аракеттеринин уюштурулушу

4.Текшерүүчү баалоочу иш- аракеттер жана кайтарым байланыш.

5.Окутуучунун жеке кесиптик дарамети.

Учурдагы аптада “Сабактарды байкоо” иш чарасы  3-курстар үчун жүрүп жаткан убак. График боюнча кийинки кезек 2-курстар үчүн болмокчу.

  • САБАКТЫ БАЙКОО  ИШ ЧАРАСЫ  ӨТҮП ЖАТАТ
  • САБАКТЫ БАЙКОО  ИШ ЧАРАСЫ  ӨТҮП ЖАТАТ
  • САБАКТЫ БАЙКОО  ИШ ЧАРАСЫ  ӨТҮП ЖАТАТ