Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун ТТФнын табигый-илимий билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы “Жогорку окуу жайларда окуу процесске туруктуу өнүгүү, туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана жашыл экономика маселелерин интеграциялоо” деген темада семинар-тренинге катышышты. Мындай маалыматты жогорудагы кафедрадан кабарлашты.
Семинар-тренингди педагогикалык технологиялар боюнча тренер-эксперт, И. Арабаев атындагы п.и.к.доцент К.Джунушалиева, Туруктуу өнүгүү жаатында билим берүү боюнча тренер -эксперт, ТӨБ боюнча улуттук координатор Ж.Дуйшенова өткөрүштү, мында окутуучулар “Жашыл экономикага” байланыштуу чыккан закондор жана статьялар менен таанышышты, анкета толтурушту, презентация жасашты.
Мындай семинар-тренингдер бизге тажрыйба арттырууда, студенттердин билим денгээлин көтөрүүдө өз артыкчылыгын берет. Андыктан уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз – дейт ТИББ кафедрасынын башчысы х.и.к. доцент Арстанбекова Н.