AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
 Oct 18, 2022  250

Экономикалык-юридикалык факультетинин эмгек жамааты “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу” жана камкордук акциясынын алкагында улгайган жарандардан кабар алышууда. Бул тууралуу аталган кафедрадан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” токтомун турмушка аышруу максатында  кабыл алынган 1-октябрь карылар күнүнө карата “улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу” жана камкордук акциясынын алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин деканыэ.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна баштаган эмгек жамааты улгайган инсандардан кабар алышып төмөндөгү Жалал-Абад шаарынын тургундары: Чернышева Татьяна Семеновна, Власенко Раиса Михайловна, Глебова Раиса жана Дашкова Тамара Закировна аттуу жарандарга барышып акчалай 5000 (беш миң) сом жардам көрсөтүштү.

“Карысы бардын ырысы бар” – бар демекчи карылардан кабар алып, аларга камкордук көрсөтүү биздин милдет. Андыктан жыл сайын бул акцияга активдүү катышып, колдон келген көмөгүбүздү көрсөтүп келебиз – дейт Айнура Аскарова.

  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА