AVN







БИЛИМ АЧКЫЧЫ МАТЕМАТИКТЕРДЕ

БИЛИМ АЧКЫЧЫ МАТЕМАТИКТЕРДЕ
 Oct 17, 2022  342

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган Асанбай кызы кенжегүл тапшырды. Ал математика адистигин тандап, окуу жайдын ректору Кенешбек Усенов тарабынан билим ачкычы ыйгарылды.

 Э.Уметоватындагы педагогикалык факультетинин жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасы үчүн 2022-2023-окуу жылы чоң ийгиликтин ачкычы менен эшигин ачты. Анткени окуу жайга көптөгөн абитуриенттер тапшырып, анын катарында алардын арасында эң жогорку балл менен тапшырган, Сузак районуна караштуу, Жийде айылынын №7 Ж. Турусбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ЖАМУга тапшырган абитуриенттердин арасынан 291балл менен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон Асанбай кызы Кенжегүлгө 2022-жылдын 1-сентябрь күнү “Билим күнүнө” арналган салтанаттуу аземде окуу жайдын ректору, тех.и.д., проф. К.Ж.Усенов тарабынан ЖАМУнун билим ачкычы тапшырылды.

Салтанаттуу аземде Асанбай  кызы Кенжегүл биринчи курска кабыл алынган студенттерди майрамы менен куттуктап, “буга чейин ар бирибиз өзүбүз билим алган мектебибиздин мугалимдеринин эмгегин актап келсек, мындан ары университеттин ишенчин актоого чакырамын” - деп  сөз сүйлөдү.

  • БИЛИМ АЧКЫЧЫ МАТЕМАТИКТЕРДЕ