AVN







СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ

СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
 Oct 17, 2022  583

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Бизнес/стартап командалары үчүн Кыргыз Республикасынын Тоолуу аймактардагы коомчулукту колдоо программасы коомдук фондунун (Ага Хан Фондунун демилгеси) Жалал-Абад офисинин координатору долбоордун фасилитатору, «Дестинация Жалал-Абад» коомдук уюмунун аткаруучу директору Мекен Маматкулов жана долбоор менеджери Ахматжанов Абдымиталип Мамытовичтердин катышуусунда ишкердик ишмердүүлүк менен иштөө жана стартап долбоорлорду ишке ашыруу, жазылган долбоорлорду илгерилетүү, жарнама, бизнес-тренингдерге катышуу сыяктуу керектүү маалыматтарды алуу максатында уюштурулган иш чара болуп өттү.     Анда бизнес-моделди иштеп чыгуу, кыска мөөнөт ичинде идеяны иштөөчү бизнеске айландыруу мүмкүнчүлүгү, долбоордук өтүнмөнү толтуруу,  долбоорду Бизнес-инкубатор тарабынан чакырылган инвесторлордун алдында презентациялоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.   Долбоор менеджери Абдымиталип Ахматжанов долбоордук өтүнмөлөр бир нече чен-өлчөмдөр боюнча бааланышы: идея, суроо-талап, муктаждык, көйгөй жана өнүм, команда, дараметтүү базардын өлчөмү, атаандаштык жана долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү өңдүү маселелерге токтолду.   Мекен Маматкулов«Дестинация Жалал-Абад» коомдук уюму тууралуу кеңири маалымат берип, “Дестинация Джалал-Абад”, коомдук бирикмеси 2020-жылы түзүлгөн жана туризм багытында иштеген ишкерлерди бириктирген борбору болуп, Джалал-Абад облусунда туризм багытын өнүктүрүүгө салым кошкон уюм катары таанылат. Бул туристтик коомдук бирикме, “Дестинация Жалал-Абад” жашыл укмуштуу окуялар дүйнөсүнө сүңгүп, көчмөн элдердин маданиятын сезүү мүмкүнчүлүгү. Негизги миссиябыз – Жалал-Абад облусунда туризмди өнүктүрүү деп билдирди. «Дестинация Жалал-Абад» коомдук уюму «Визит Жалал-Абад» долбоорунун алкагында түзүлгөн.Бул долбоор Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасынын алкагында Европа биримдигинин жана Германия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Мында кызыктуу жана маалыматтуу турлар; маданий иш-чаралар; кесиптик кызмат; коопсуз кыймыл; жайлуу конок үйлөрү; кызыктуу көз ирмем менен коштолот. Бул иш чаранын жыйынтыгында студенттер окуу, илимий иштерин мыкты өздөштүрүү менен бирге окуудан тышкаркы ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды алууга жетишишти.

  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
  • СТАРТАП-ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ