AVN







КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…

КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
 Oct 17, 2022  252

1949-жылдын 1-октябрь күнү Пекин шаарынын Тяньаньмэнь аянтында Кытай Эл Республикасынын негизделгендиги тууралуу жарлык салтанаттуу түрдө жарыяланган. Бүгүн Кытай – дүйнө жүзүндө өзүнүн орду-күчү, өнүккөн экономикасы бар мамлекет. Коңшу мамлекеттер менен ынтымакчылыкта жашоо максатындагы “Бир алкак-бир жол” долбоору байыркы Улуу Жибек жолунунун заманбап экономикалык кербенин улап жаткан чагы.

Кытай Эл Республикасынын улуттук күнүнө карата Конфуцийде майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чара үч бөлүктөн туруп, ар бир тапшырмага тил үйрөнүүчүлөр дыкаттык менен даярданып катышты. 1-бөлүк  “Кытай, мен сага айткым келет!” деп аталып, мында кытай тилинде майрамдык куттуктоолорду жазышты. 2-бөлүктө “Кытай тууралуу кыялдарым...” деген темада катышуучулар өз фантазияларына таянып, Кытайды элестеткен сүрөттөрдү тартышты. 3-бөлүк “Кытай – кыргыз достугу” аталышында кыскача тасмаларды даярдашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулардын сүрөттөрү бааланып, орундар берилди. Активдүү катышуучуларга Ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды.

  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…
  • КЫТАЙ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАРЫМ…