AVN







МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН АЛГАН ТАЖРЫЙБАЛАР

МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН  АЛГАН  ТАЖРЫЙБАЛАР
 Oct 17, 2022  270

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Сакиева Сайипжамал С.Нааматов атындагы  Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана окутуунун технологиясы кафедрасында  мобилдүүлүк боюнча тажрыйбала алмашууда болду. Конок-лекция  педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы, педагогика  жана мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы, көркөм өнөр адистиктеринде “Адабий окууга үйрөтүүнүн көйгөйлөрү”деген темада уюштурулуп, студенттерден кызыктуу суроолор жана каалоолору менен өттү.

Конок-лекцияга факультеттин деканы, п.и.к.,доцент  Г.Ж.Мунайтпасова, педагогика жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент  Ш.Султаналиева, профессордук-окутуучулук курамы   катышып, жылуу пикирлерин айтышты.  Ошондой эле ЖАМУнун педагогика багыттары үчүн түзүлгөн окуу планы, негизги билим берүүчү программалары боюнча талкуу уюштурулуп, бул документтер боюнча сунуштар  айтылып, аларды мындан ары оптимизациялоонун багыттары айтылды. Окуу жайлардагы адистик боюнча мобилдүүлүктүн пландары  каралып, аларды ишке ашыруунун багыттары, иш-чараларды  өткөрүү  пландаштырылды.

  • МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН  АЛГАН  ТАЖРЫЙБАЛАР
  • МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН  АЛГАН  ТАЖРЫЙБАЛАР
  • МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН  АЛГАН  ТАЖРЫЙБАЛАР