AVN







ЖАМУДА ИЛИМДИН БИР АЙЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНЫП, АЛГАЧКЫ ИШ ЧАРА ӨТТҮ

ЖАМУДА ИЛИМДИН БИР АЙЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНЫП,  АЛГАЧКЫ ИШ ЧАРА ӨТТҮ
 Oct 12, 2022  296

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илим бөлүмүнүн демилгеси менен “Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөр (докторанттар жана аспиранттар) мектебинин” программасы боюнча семинар өткөрүлүп, ага университеттин окумуштууларынан тартып, докторанттар, аспиранттар жана магистранттар катышышты. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

 Семинарда Президенттин алдындагы Улуттук Аттестациялык Комиссия тарабынан уюштурулуп, Чолпон-Ата шаарында үстүбүздөгү жылдын  28-30-сентябрь күндөрү өткөрүлгөн “Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөр (докторанттар жана аспиранттар) мектебинин” окуусуна катышып келишкен ЖАМУнун окумуштуулары жана аспиранттары  төмөнкүдөй темаларда баяндама жасашты жана ар бири өздөрү жасаган тема боюнча катышуучулардын  суроолоруна жооп беришти.

Филол.и.к., доцент  Дилбар Чокоева “Илим жана окумуштуунун жеке психологиясы, же кандай адам окумуштуу боло алат?”,  филос.и.к, доцент Гүлжамал Токтогулова “Кейс усулу жана Эл аралык журналдардын илимий макалаларга койгон талаптары”, ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Айгүл Доранова “Кыргызстандын окумуштуулары үчүн “Антиплагиат” программасынын маселелери”, акушердик жана педиатрия кафедрасынын окутуучусу Теңирберди Атабеков “Илим жана бизнестин сколково фонду менен өз ара байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрү”, ф.и.к., доцент  ДилбарЧокоева  “Илимий иликтөө ишиндеги суроодон тезиске, тезистен текстке чейинки жол” – деген темаларда илимий баяндамаларды жасашты.

  • ЖАМУДА ИЛИМДИН БИР АЙЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНЫП,  АЛГАЧКЫ ИШ ЧАРА ӨТТҮ
  • ЖАМУДА ИЛИМДИН БИР АЙЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНЫП,  АЛГАЧКЫ ИШ ЧАРА ӨТТҮ