AVN

КУЛЧА ИШТЕП ЭНЕЛЕРДИН АК СҮТҮН АКТАЙ БИЛГИН!

КУЛЧА ИШТЕП ЭНЕЛЕРДИН АК СҮТҮН АКТАЙ  БИЛГИН!
 Mar 13, 2018  899

Айымдардын Эл аралык күнүнө карата, Табигый–техникалык факультетинин мырзалары 7-март күнү  таң эрте эжекелерди майрамы менен кызуу куттуктап гүл менен тосуп алышты.  Бул тууралуу аталган факультеттин деканы Жакып Шамиев билдирди.

Ал билдиргендей, бул жагымдуу майрамдык белек биздин факультетте традицияга айланып калды. Ар жылы айым мугалимдерибизге майрамдык мааный тартуулап, гүл десте менен тосуп алабыз. Бул жолу да унутта калтырбай саамалыкты кайталадык – деди декан.

Ошондой эле майрам ээлерине студенттер тарабынан “Гүл сыяктуу, назик сындуу, аруу зат” аттуу чакан концерттик иш чара  уюшулуп, таланттуу жаштар ыр-бийлерди тартуулашткан.  Ал эми Табигый-техникалык факультетинде жалпы 377 студент билим алса, аларга 57профессордук окутучулук курам тарбия берет. Алардын ичинен 46 мугалим штаттык бирдикте кызмат кылса, анын 23 ү айымдар – деп кошумчалады Ж. Шамиев.

Эненин асылдыгын барктай билгин,

Даңазалап дүйнөгө даңктай тилин.

Жетишээр деп даңазалап тим койбостон,

Кулча иштеп ак сүтүн актай билгин.

  • КУЛЧА ИШТЕП ЭНЕЛЕРДИН АК СҮТҮН АКТАЙ  БИЛГИН!