AVN

МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
 Oct 10, 2022  309

Жалал-Абад мамлекеттик университети табигый - техникалык факультетинде мугалимдер күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган факультеттин жаштар комитетинен билдиришти.

       Табигый техникалык факультеттин жаштар комитетинин демилгеси менен  5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамына карата  студенттер профессордук-окутуучулук курамды куттукташкан.

       Таң эрте окутуучуларга майрамдык маанай тартуулоо максатында аларды гүл менен тосуп алып, кесиптик майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерибизди билдирдик. Бизди кесипке даярдап, тарбиялап жаткан эжей-агайларыбызга таазим кылабыз – деген тилектерин билдиришти факультеттин студенттери.

         Ал эми табигый техникалык факультетте жалпы 350дөн ашуун студент билим алса, 50 профессордук-окутуучулук курам эмгектенет.

  • МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ