AVN







КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРИБИЗДИН ИЙГИЛИГИ

КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРИБИЗДИН ИЙГИЛИГИ
 Oct 7, 2022  299

ЖАМУнун Кристалл командасы “Момо” аттуу китеп окуу сынагынан 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу жогорку математика жана МОТ кафедрасынан билдиришти.        

     Жалал-Абад шаарынын Эл аралык университетинде "Жалал-Абад интеллектуалдык клубу" тарабынан уюштурулган "өзгөрүүнү өзүңдөн башта!"аттуу долбоорунун алкагында Михаэль Энденин "Момо" аттуу китеп окуу сынагы уюштурулду.

Аталган интеллектуалдык сынакка биздин математика адистигинин студенттери четте калбай катышып келишти, тагыраак айтканда ЖАМУнун жогорку математика жана МОТ кафедрасынын М-1-21 тайпасынын студенттеринен түзүлгөн "Кристалл" командасынын курамы: Сапарбаева Айгерим,Максуталиева Айгерим,Мухтарова Динара,Медетбек кызы Айдай, Маратбек кызы Айдаана. Жыйынтыгында сынакта 3-орунду ээлешти.

“Кристалл” командасынын курамындагы студенттерибиз мындай сынактарга активдүү катышышып, дайыма ийгиликтерди багындырып келишет.

  • КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРИБИЗДИН ИЙГИЛИГИ
  • КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРИБИЗДИН ИЙГИЛИГИ