AVN

БАШКАЛАРГА ПАЙДАСЫ ЗОР ИШ БАШТАСАҢ, КИРЕШЕ ӨЗҮ КЕЛЕТ....

БАШКАЛАРГА ПАЙДАСЫ ЗОР ИШ БАШТАСАҢ, КИРЕШЕ ӨЗҮ КЕЛЕТ....
 Oct 6, 2022  486

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери “Балапан”  бакма канаттуулар өндүрүш фирмасында бизнес менен  таанышуу экскурссиясында болушту. Бул тууралуу ЖАМУнун бизнести өнүктүрүү жана колдоо борборунун (бизнес-инкубатор) директору Бекжан Алымкулов билдирди.

       Б. Алымкуловдун айтымында бизнести өнүктүрүү жана колдоо борборунун негизги максаты студенттерди бизнес жасоого үйрөтүү жана аларга колдоо көрсөтүү. Андыктан өндүрүштүк ишканалар менен жеринде тааныштыруудабыз.  “Балапан”  бакма канаттуулар өндүрүш фирмасынын жетекчиси Анваржон Касымжанов менен сүйлөшүп, жаштарга өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

       Касымжанов Анваржон кесиби боюнча зоотехник, аталган өндүрүштүк фирманы 1999-жылдан бери иштетип келет. “Мен СССРдин убагында зоотехник болуп бир катар мамлекеттик кызматтарда иштедим. Канаттуулар фабрикасында жетекчилик кызматта иштеп, союз тараган соң жеке канаттуулар фабрикасын ачтым. Башында жөжө инкубаторун гана чыгарып иштеп жүрдүк. Кийин 2005-жылдан баштап, мезгил-мезгили менен мөмө жемиштерди кургатып, сатыкка чыгара баштадым. Аны менен катар канаттууларга витаминдер кошулган жем чыгара баштадык” – дейт ал.

      Анын айтымында инкубатор чыгаруучу ящиктин 104 текчеси бар, бир ящикке жалпы 16800 жумуртка салынып, жөжө болуп чыгарылат. Салынган жумурткалар 518 сааттын ичинде жөжө болуп чыгат жана бул аппарат бир саатта 10,5 кВ электр энергиясын сарптайт. Азыр кара өрүктүн бышкан учуру андыктан аны кургатуудабыз. Ал бир ящикке 650 кг салынып,  4 күндө кургап экспортко чыгарылат. Ар бир ишкер алгач чыгашасын эсептеп андан соң өндүрүлгөн товарынын баасын чыгарат. Ишкердик менен алектенчү инсан ар тараптуу кесипкөй болуусу абзел  – дейт ал.

      Жолугушууда А.Касымжанов студенттердин берген суроолоруна жооп берип, аларды көбүрөөк китеп окууга үндөп кетти. “Университет силерди адис катары даярдоодо. Ошол адистиктин артынан талыкпай изденсеңер, ошонун өтөлүнө чыксанар ийгилик жарата аласынар. Менин адистигим зоотехник, андыктан өзүмдүн адистигиме жараша ишкерликти баштап, ошону өркүндөтүүнүн үстүндө иштөөдөмүн.  Ишкердикти баштаарда өзүнө келчү пайданы эмес, башкаларга берилүүчү пайданы ойлоп баштоо зарыл. Башкаларга пайдасы зор иш баштасаң, киреше өзү келет деген сунушун айтты А.Касымжанов.

  • БАШКАЛАРГА ПАЙДАСЫ ЗОР ИШ БАШТАСАҢ, КИРЕШЕ ӨЗҮ КЕЛЕТ....