AVN







МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ УЮШТУРУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР

МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ УЮШТУРУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР
 Oct 6, 2022  497

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору проф.м.а. А.Т.Абдраева менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимге эки тараптуу кол коюлду. Бул тууралуу педагогика, психология жана окутуунун технологиясы кафедрасынан билдиришти.

Анда Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Сакиева Сайипжамал Салайдиновнага педагогика факультетинин деканы, доцент М.Б.Оңолбаев тарабынан жаш муундарды өстүрүүгө зор салым кошкону, академиялык мобилдүүлүктүн жогорку денгээлде өткөнү, студенттерге конок-лекция окуп бергени үчүн ыраазычылык кат тапшырды. Ошону менен студенттерге, магистранттарга, окутуучуларга мобилдүүлүк иштеринде  тегерек столдорду, ар түрдүү жолугушууларды, окуу пландарды, негизги билим берүүчү программаларды талкуулоо аркылуу тажрыйба алмаштыруу иштерине басым жасалды.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  профессору, кафедра башчысы С.С.Сакиева И.Арабаев атындагы КМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы  доцент Р.А.Зайниев менен жолугуп, окуу иштери менен таанышты.

         Профессор С.С.Сакиева академиялык мобилдүүлүктү уюштуруп берген педагогика факультетинин мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучусу п.и.к. Н.Э.Абдраевага ыраазычылык билдирди. Эки тарап тең мындан ары кызматташууга дилгирлигин баса белгилешти.

  • МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ УЮШТУРУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР
  • МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ УЮШТУРУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР
  • МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ УЮШТУРУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР
  • МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ УЮШТУРУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР