AVN

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун өкүлдөрү Конфуцийде

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун өкүлдөрү Конфуцийде
 Oct 5, 2022  324

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун өкүлдөрү - долбоор жетекчиси, геолог, илим изилдөө борборунун адиси, маркетолог менен Конфуций институтунун жетекчилиги, студенттеринин ортосунда жолугушуу болду. Иш-чараны институттун башкаруу комитетинин председатели, ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов  ачып, мамлекеттер ортосундагы темир жол курулушунун экономикалык, саясий, маданий маанисинин жогору экенин баса белгиледи.  Бул долбоорду ишке ашырууга болгон КЭРдин чечкиндүүлүгүн баалады.  Өз кезегинде институттун жетекчилиги темир жол куруу компаниясы менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барарын, мындай кадамдар кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштарга көптөгөн иш орундарды, байланыштарды, практика өтөөгө, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүктөрдү берерин айтты. Жолугушууга катышкан ЖАМУнун жетекчи-кызматкерлери өз сөздөрүндө кыргыз-кытай байланыштарынын ар тараптан тереңдеп, биргеликте аракеттенүүнүн натыйжасы Кыргызстандын мындан ары да  гүлдөп өсүшүнө өбөлгө болоруна токтолушуп, ийгиликтерди каалашты. Институттун бүтүрүүчүлөрү да келишип, аталган долбоордо котормочу, котормочу-жардамчы болуп иштеп жатышкандыктарын айтып, студенттерди тил үйрөнүүдө жоопкерчиликке, чыдамкайлыкка чакырышты.

Иш-чаранынын аягында окуу жайдын жетекчиси Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол куруу компаниясы менен ЖАМУнун ортосунда мындан ары да тыгыз кызматташтык болорун айтып жыйынтыктады.

  • Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун өкүлдөрү Конфуцийде