AVN







КЕСИПТИК МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

КЕСИПТИК МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!
 Oct 5, 2022  549

Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулук-профессордук курамы! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, атайын адистикке даярдап, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сапаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул мугалим эмеспи.

Мугалим – мөмөлүү дарак! Сиздер билимге, илимге суугарып, даярдаган адистер келечектин кесипкөй адиси, чыгаан инсаны болушууда. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде көп багыттар боюнча адистер даярдалып, республикада, чет мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенүүдө.

 Баарыңыздарга ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан мугалимдерибизге таазим кылам.

Сиздерди урматтоо менен Усенов Кеңешбек Жумабекович