AVN







ТИЛ ЖАНА АНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР

ТИЛ ЖАНА АНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР
 Oct 5, 2022  248

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алганынын 33 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Тил жана андагы маселелер” аталышында тегерек стол болуп өттү. Аны педагогика, психология жана окутуунун технологиялары  кафедрасынын доценти К. М. Ураимов уюштурган. Тегерек столго мамлекттик тил бөлүмүнүн башчысы, профессор К.Б. Калчекеев, Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы, доцент Р.К. Шамшиев, педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана педагогика адистигинин МЧББ-1-20,  П-1-19 тайпаларынын студенттери катышышты.

Тегерек столду профессор К.Б. Калчекеев ачып, ал өз сөзүндө тилдин келечеги жана учурдагы абалы жөнүндө токтолуп кетти. Иштин жүрүшүндө студенттер тарабынан тил жөнүңдө ырлар окулуп, тилге байланышкан айрым терс көрүнүштөр көрсөтүлдү.  Тегерек стол мамлекеттик тил гимнин студенттердин аткаруусу менен жыйынтыкталды.

  • ТИЛ ЖАНА АНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР