AVN







МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАНДЫ

МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАНДЫ
 Mar 12, 2018  776

Айымдардын Эл аралык майрамына карата ЖАМУнун чоң жыйындар залында 7- март  күнү окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери профессордук – окутуучулар курамына жана кызматкерлерине арналган маданий иш-чара уюштурушту. Мындай маалыматты аталган борбордон билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАМУнун ректору, профессор,  Кенешбек Усенов,    “

Баарыңыздарды жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон Эл аралык  айымдар күнү менен чын дилимден куттуктайм!  Байыртан элибиз кыз баланы сыйлап, барктап келген. “Бейиш – энелердин таманынын алдында”, “Аял – үйдүн  куту”, “Аял жакшы – эр жакшы”, “Кыздын кырк чачы улуу” – деген сыяктуу улуу элибиздин нарк-насилдүү сөздөрүнүн ээси сиздерсиздер!

Жамаатын арасында ар бириңиздердин өз ордуңуздар бар жана университетибиздин өсүп-өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошуп келе жатасыздар.   Ошондой эле жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүнө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч айымдар!  Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн – деп куттуктады”.      

Ал эми ЖАМУнун Маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концертте мугалимдер ыр-бийлерди  аткарылып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашды. Андан сырткары айым окутуучуларга беректер ыйгарылды.

  • МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАНДЫ
  • МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАНДЫ
  • МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАНДЫ
  • МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАНДЫ
  • МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАНДЫ