AVN







Конфуций: "Биздин эң чоң даңкыбыз эч качан жыгылбай калууда эмес, жыгылган сайын көтөрүлүүдө"

Конфуций:
 Oct 5, 2022  317

2022-жылдын 28-сентябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, Конфуций күнү белгиленип, анын урматына көргөзмө, маданий иш-чара уюштурулду.

Бул иш-чарада адамзатын чыдамдуулукка, туруктуулукка, тартипке жана эмгекке үйрөткөн Конфуцийдин гуманисттик ой жүгүртүүлөрү, философиялары айтылды жана практикалуулугу менен башка салтанаттардан айырмаланды. Тагыраак айтканда, кытай  даамдарын институттун жамааты, студенттери өздөрү жасап, бардык катышуучуларга даам таттырышты. Кытай жазуу-сызуусу, жибек жиптер менен иштөөсү, сүрөт тартуусу, стол оюндары студенттер менен биргеликте ишке ашырылды.

Курстун жаңы катышуучулары  Кытайдын бай маданияты менен таанышышып, майрамдык каалоо-тилектерин айтышты. Институттун улуу курактагы тил үйрөнүүчүлөрүнүн бири 41 жаштагы Э.Ниязов үй-бүлөсү менен келип катышты. Анын айтуусунда, кытай тилин билгендиги үчүн бүгүнкү күндө үй-бүлөсүн бага ала турган жакшы жумуштардын биринде иштейт. Эки жылдан бери институтта тилди терең үйрөнүп, өзүнүн үстүндө тынымсыз иштеп жатат. Кытайга баруу, карьера жасоо,  мүмкүнчүлүкгөрдөн пайдаланууну максат кылып койгон.

 Иш-чаранын соңунда институттун жалпы жамааты студенттер менен биргеликте эркин баарлашып, сүрөткө түшүп, жылуу каалоолорду айтышты.

  • Конфуций:
  • Конфуций:
  • Конфуций:
  • Конфуций:
  • Конфуций:
  • Конфуций:
  • Конфуций: