AVN

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНИН МААЛЫМАТЫ

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНИН МААЛЫМАТЫ
 Oct 4, 2022  259

Англис тили жана адабияты кафедрасынын ФББ (АТ)маг-1-21 тайпасынын магистранттары  илимий-изилдөө иштери боюнча маалымат беришти. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышып, магистранттар аткарылган жумуштарын презентациялашты. Ар бир изилдөөчү  өзүнүн темасынын актуалдуулугун, изилдөө иштеринин планын, илимий-методикалык адабияттарды изилдөөдө илимий-педагогикалык иштерди жүргүзүүдөгү өз алдынча ишин, изилдөөнүн айрым баптарын жана даярдалган макалалары жөнүндө сүйлөштү.Маалымат учурунда ынгайлуу изилдөө методдорун тандап алуу, магистрдик программанын көйгөйлөрүнө байланыштуу конкреттүү изилдөөнүн ыкмалары, заманбап маалыматтык технологияларды тартуу менен библиографиялык иштерди жүргүзүу, аткарылган иштин натыйжаларын редакциялоо, аны илимий конференцияларда, иш-чараларда доклад, макала түрүндө берүү боюнча  суроолорго жооп алынып, сунуштар берилди.

Мамлекеттик Билим берүү Стандартынын жобосуна ылайык, негизги билим берүү программасынын илимий-изилдөө иштерин жүзөгө ашырууда жана магистранттын илимий-изилдөө иш-аракеттериндеги компетенттүүлүк деңгээлине коюлуучу талаптар аткарылышы белгиленди.

  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНИН МААЛЫМАТЫ