AVN







Жалал-Абад колледжинде кесипти өркүндөтүү максатындагы семинарлар уланууда

Жалал-Абад колледжинде кесипти өркүндөтүү максатындагы семинарлар уланууда
 Oct 3, 2022  443

“Жалал-Абад  колледжинде  кесиптик билимди өстүрүү максатындагы семинарлар уланып жатат. Бул тууралуу  ЖАКтын методикалык иштери боюнча инспектору А.А.Сопукулова маалымат берди.

Анын билдирүүсү боюнча 24-сентябрда ЖАКка жаңы келген окутуучулар үчүн “ Студенттин билимин баалоо” деген темада семинар өтүлдү. Семинарды колледждин тажрыйбалуу окутуучуларынын бири С.А.Тобокелова  жетектеди. Семинарда студенттердин жетишкендиктерин баалоо маселелерине токтолушуп, баалоонун түрлөрүн, алардын максаттарын, принциптерин функцияларын билишти. Калыптандыруучу баалоонун компоненттерин анализдеп, дисциплиналар боюнча талдашты.

  29-сентябрда “ Дисциплинаны жумуш ордунда окутуу” аттуу семинар уюшулуп, аны Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу Секторду өнүктүрүү программасынын “ Инклюсивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” тренингинин катышуучусу С. А.Шаимкулова жетектеди.Семинарда окутуучулар ЖООнун максат жана милдеттери менен танышып, ЖООго компетенттүүлүк негиздеги мамиленин зарылдыгын түшүнүштү, адистиктер/кесиптер боюнча ЖОО программаларын иштеп  чыгуу көндүмдөрү, тараптардын жоопкерчилиги талкууланды. Ошондой эле өндүрүштөгү насаатчылардын жана билим берүү уюмдарынан практика жетекчилердин ролу жана функциялары жөнүндө дагы талкуу жаратышты.

  • Жалал-Абад колледжинде кесипти өркүндөтүү максатындагы семинарлар уланууда
  • Жалал-Абад колледжинде кесипти өркүндөтүү максатындагы семинарлар уланууда