AVN







КУТУРМА ООРУСУ АДАМДАН АДАМГА ЖУКПАЙТ!

КУТУРМА ООРУСУ АДАМДАН АДАМГА ЖУКПАЙТ!
 Sep 29, 2022  895

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медпуктунун врачы Нурсулу Ибраимова  кутурма оорусун алдын алуу боюнча жыйынга катышты.

Жыйын шаардык мэриянын жыйындар залында уюштурулуп, ага  мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова , шаардагы мекеме-ишканалардын, коомдук ден-соолук комитетинин өкүлдөрү жана дарыгерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө кутурма оорусу боюнча баяндама жасалды жана алдын алуу боюнча ар бир мекеме иш жүргүзүсү айтылды.

Кутурма оорусу бул- кутурма оорусунун вирусу аркылуу пайда болуп, адамдын борбордук жана перифериялык нерф системасын бүлгүнгө учурата турган вирустук оору болуп саналат.

Оору кандайча пайда болот?

Оору адамга ооруга чалдыккан жапайы (түлкү, карышкыр, чөө) жана бакма жаныбарлардан (ит, мышык, уй, жылкы, чочко) жугат:

Жугуу жолдору;

  • Кутурма оорусуна чалдыккан жаныбарлардын адамды тиштеп же тытып алышынан;
  • Кутурма оорусуна чалдыккан жаныбарлардын шилекейи адамдын жаракат алган тери бөлүкчөсүнө же ооз көңдөйүнө түшүүсүнөн пайда болот.

Кутурма оорусу адамдан адамга жукпайт!

Эгерде сизди кандайдыр бир жаныбар тиштеп алган болсо: тезинен жашаган жериниздеги медициналык кызматкерге кайрылыныз!

Медициналык жардамдын өз учурунда көрсөтүлбөй калышы адамдын өлүмүнө алып келет!

Медициналык жардам жана жугуштуу ооруларга карата каршы эмдөө бекер жүргүзүлөт!

  • КУТУРМА ООРУСУ АДАМДАН АДАМГА ЖУКПАЙТ!
  • КУТУРМА ООРУСУ АДАМДАН АДАМГА ЖУКПАЙТ!