AVN







СТУДЕНТ ЖАНА ПРАКТИКА

СТУДЕНТ ЖАНА ПРАКТИКА
 Sep 29, 2022  284

Табигый техникалык факультетинин табигый – илимий билим берүү кафедрасынын практика боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул жыйында ТИББ багыты (Биология, Химия, География профили), бакалавр жана магистр программасы боюнча окуган студенттердин окуу процессинин мөөнөтүнө ылайык   практикага бөлүштүрүү маселеси каралды.    ТИББнын кафедра башчысы х.и.к. доцент Н.Арстанбекова химия жана биология профилинин магистратурасынын ТИББ (Х)маг-1-21 (6 студент) жана ТИББ (Б) маг-1-21 (11 студент) илимий-педагогикалык практикасына студенттердин мектептерге (Сузак, Ноокен, Жалал-Абад жана Токтогул шаарлары) бөлүнгөнүн жана алардын жетекчилерин,  жалпы практикадан 17 студент өтөөрүн маалымдады.

Андан ары ушул тайпалардын магистранттары 7-ноябрдан 3 -декабрга чейин илимий-изилдөө иши боюнча ТИББ кафедрасында ТИББ (Х)маг-1-21  жана ТИББ (Б) маг-1-21 практикада болоорун, бөлүнгөн жетекчилерин да белгилеп өттү.

Кафедра башчысы бакалавр программасы боюнча окуган Х-1-19 (13 студент), Б-1-19 (4 студент), Г-1-19 (9 студент) тайпаларынын студенттерин 3-октябрдан 10-декабрга чейин 10 жумалык профессионалдык- кесиптик практикага жөнөтүү тууралуу, 26 студент бул практиканы Сузак жана Базар-Коргон райондорунда, Жалал-Абад шаарынын мектептеринде өтөөрүн жана практика жетекчилери бөлүнгөнүн, кафедранын мүчөлөрүнө  маалымдады.

  • СТУДЕНТ ЖАНА ПРАКТИКА
  • СТУДЕНТ ЖАНА ПРАКТИКА
  • СТУДЕНТ ЖАНА ПРАКТИКА