AVN







ЖАМУ БАТКЕН ЭЛИ МЕНЕН!

ЖАМУ БАТКЕН ЭЛИ МЕНЕН!
 Sep 28, 2022  374

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери Баткен облусундагы тажик-кыргыз чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткандарга акчалай жардам берүүдө.

   Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Айгул Доранованын айтымында  Баткен мамлекеттик университетинин 3 кызматкерине акчалай каражат которулган. “БатМУнун 3 кызматкеринин турак-жайы күйүп кеткен. Аларга моралдык колдоо көрсөтүү ирээтинде 2 кызматкерге 46000 сомдон, бирөөнө 30000 сом жалпы 122000 сом жеке эсептерине которулду. Чек арада чеп болуп туруп берген мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз.  Кыргыз  жерибизди коргоп,  элибизге тынч уйку тартуулаган мекен сакчыларыбызга таазим кылабыз. Мекендин бүтүндүгү үчүн шейит кеткен эр азаматтарыбыздын жаткан жерлери жайлуу, жарык болсун ” – дейт А. Доранова.

Ал эми буга чейин эмгек жамаат 1 күндүк эмгек акысын 500 000 сом, кошумча өз ыктыярлары менен 500 000 сом жалпы 1000000 сом атайын Баткен облусунун элине которушкан.