AVN







СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ

СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
 Sep 27, 2022  476

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор) 22-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын жаштар кеңешинин төрагасы Салих Шаршенов жана стартап идеяларын ишке ашырып, азыркы учурда алардын натыйжаларын коммерциялаштыруу үчүн инвестицияларды тартуу үстүндө иштеп жатышкан Бектур Алимов, Айдана Нуриева, Нурсулуу Касымовалар менен факультеттерде жана колледждерде студенттерден жана профессордук-окутуучулук курамдан түзүлгөн Бизнес/стартап командалар менен бизнес-тренинг болуп өттү. Бул иш чаранын негизги максаты инкубатордун бизнес-командаларындагы студенттерге, профессордук-окутуучулук курамга алардын ишкердик ишмердүүлүгүн жана инновациялык идеяларын уюштурууда жана андан ары өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү болуп саналат. Окуу жайыбыздын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кенешбек Жумабекович Усенов катышып, студенттик Бизнес-инкубатордун максаты – өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, кошумча жумушчу орундарды түзүү жана экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүү, ал эми стартап идеяларын ишке ашыруу, бизнес пландарын түзүү сыяктуу иштөөнү каалаган студенттерге, профессордук-окутуучулук курамга көрсөтүлүүчү уюштуруучулук чаралар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук шарттар жаратылгандыгын белгиледи.

Иш чаранын жүрүшүндө бизнес-инкубатордун жеңүүчүлөрү чакан ишкердиктин инновациялык ишмердүүлүгү маселелери боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле студенттер, профессордук-окутуучулук курам стартап долбоорлорун/бизнес идеяларын ишке ашыруу, илимий-изилдөөчүлүк жана  тажрыйбалык-конструктордук иштелмелерин жүргүзүү жана алардын натыйжаларын коммерциялаштыруу үчүн инвестицияларды тартуу маселесинде кызыктыргын суроолоруна керектүү жоопторду жана зарыл болгон маалыматтарды алышты деп билдирди – борбордун директору Б.Н.Алымкулов.

  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ
  • СТАРТАП: ЖАҢЫ МУУНДУН БИЗНЕСИ