AVN







КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨГҮ БИРИМДИК

КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨГҮ БИРИМДИК
 Sep 24, 2022  280

ЖАМУнун студенттери тарабынан “Көп түрдүүлүктөгү биримдик” аталышында улуттук каада-салттардын жана кийимдердин көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу педагогика жана психология кафедрасынын окутуучусу Сабира Осмоналиева билдирди.

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  тил күнүнө карата Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика жана психология кафедрасынын П-1-22 тайпасынын студенттери менен “Көп түрдүүлүктөгү биримдик” аталышында улуттук каада-салттардын жана кийимдердин көргөзмөсү уюшулган. Ага  ф.и.д. К.Б.Калчекеев, доцент Р.К.Шамшиев жана факультеттин кафедра башчылары, студенттери  катышышты. Мындай иш-чараларды уюштуруу менен жаштардын улуттук каада-салт, нарктуулугубузду баалоого үндөйбүз  – дейт С. Осмоналиева.

  • КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨГҮ БИРИМДИК
  • КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨГҮ БИРИМДИК