AVN







ЖАҢЫ ОКУТУУЧУГА ЖАРДАМ

ЖАҢЫ ОКУТУУЧУГА  ЖАРДАМ
 Sep 24, 2022  289

Жалал-Абад колледжинде 2022-2023-окуу жылында жаңы келген жана өргүүдөн кайткан окутуучуларга кесиптик жардам катары семинарлар өткөрүлүп жатат.

    10- сентябрда “АВН порталын колдонуу” деген темада семинар  болду. Семинарды ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Т.Маматумаров жетектеди. Бул күнү жаны келген жана өргүүдөн кайткан окутуучулар АВН порталын колдонууну башкача айтканда электрондук журнал жана жадыбал менен иштөөнү, порталдан студенттер менен иш-аракет жасоону, нормативдик документтерди жүктөөнү жана жеке жүктөмдөрдөн маалымат алууну үйрөнүштү.

    Андан сырткары “Дисциплинага жумушчу программа, окуу усулдук колдонмо түзүү” аталыштагы семинар уюштурулуп, аны колледждеги окуу усулдук кеңештин төрайымы К.М.Таштанова өттү. Семинарда окутуучулар дисциплинага жумушчу программа , силлабус жана окуу усулдук колдонмо түзүүнүн эрежелери, талаптары менен таанышышты. Окутуучулар өздөрүнө бөлүнгөн дисциплиналар боюнча документтерди жасоону үйрөнүштү, кезигип жаткан көйгөйлөрүнө жооп алышты.

Семинарлар  заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, катышуучулар ыңгайлуу шарттарда билимин өркүндөтүп жатышат.

  • ЖАҢЫ ОКУТУУЧУГА  ЖАРДАМ