AVN







БАТКЕН ЭЛИ БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН

БАТКЕН ЭЛИ БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН
 Sep 22, 2022  420

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамааты учурда Баткен облусундагы болуп жаткан кырдаалга карата бир күндүк эмгек акыларын которду. Бул тууралуу социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгул Доранова билдирди.

Анын айтымында жалпы жамааттын бир күндүк эмгек акысынын суммасы 500 000 сомду түздү. Андан сырткары 500 000 сом акчалай каражатын кызматкерлер өз ыктыярлары менен топтошкон. Жыйынтыгында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамааты жалпы 1 000 000 сом Баткен элине жөнөтүшкөн.

         Элибиздин башына кыйын күн түшкөндө четте калбай ар бирибиз колдон келген жардамыбызды берүү биздин милдет. Бул жаатында учурда жалпы жамаат студенттер колунан  келген жардамын берүү  үстүндө иштешүүдө. Баткен чек арасында курман болгон баатырларыбыздын жакындарына ЖАМУнун жетекчилиги, кызматкерлери жана студенттери терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.