AVN







АК КАЛПАК КҮНҮНӨ КАРАТА АЧЫК САБАК

АК КАЛПАК КҮНҮНӨ КАРАТА АЧЫК САБАК
 Mar 7, 2018  4434

     ЖАМунун Экономикалык-юридикалык факультетинин Финансы кредит – 1-14 (ФКк) тайпасынын студенттерине 5-март күнү  Ак калпак күнүнө карата куратордук ачык саат өткөрүлдү. Мындай маалыматты аталган кафедранын башчысынын тарбия иштери боюнча орун басары Эмил Төлөнов кабарлады.

    Анда студенттерге Ак калпак кыргыз эли үчүн кандай мааниге ээ экендиги айтылды. Ошондой эле кыргыз тили, кыргыз элинин улуттук кийимдери улуу элдин уңгусу, маңызы экендиги баса белгиленди. Андан сырткары мугалимдер жаштарга каалоо тилектерин, акыл-насааттарын билдиришсе, жаштар калап тууралуу баяндамаларды жасашты.

     Ал эми Экономикалык-юридикалык кафедрасында жалпы 200гө жакын студент билим алса анын 95и уландар.

  • АК КАЛПАК КҮНҮНӨ КАРАТА АЧЫК САБАК