AVN







ЖАМУДА КЛАССИКАЛЫК ЫРЛАР ЖАНЫРДЫ

ЖАМУДА КЛАССИКАЛЫК ЫРЛАР ЖАНЫРДЫ
 Sep 19, 2022  342

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Садыр Жумашев ЖАМУнун           Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында  өзүн сахнадагы 30 жылдык отчеттук концертин  тартуулады. 

 “Бүгүн окуу жайда тарыхый иш чара орун алып, бир катар чет элдик окуу жайлар менен өз ара кызматташууга кол коюлду. Улуу күндө келген конокторго жана окуу жайдын студенттерине өз өнөрүндү тартуулап жатканына ыраазычылыгымды билдирем. Убагында ушул окуу жайда эмгектенип, биз менен кесиптеш болгонуңа сыймыктанабыз. Өнөрүн өркүндөп, кыргыз маданиятынын анын ичинде опера багытынын дүйнө элине тааныта беришине тилектешмин” - деген каалоо тилегин университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кенешбек Усенов билдирди.

       ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранованын айтымында, С. Жумашев, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдынкы солисти болуп эмгектенет. “Убагында С. Жумашев Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенип, чыгармачылыгын өркүндөтүү максатында борборго кеткен. Эмгеги эл тарабынан бааланып, Эл артисти наамына ээ болду. Жалпы жамаатыбыз менен анын чыгармачылыгына ийгилик каалайбыз” - деди проректор.

     Белгилей кетсек, С. Жумашев 30 жылдык отчеттук концертин өзүнүн кичи мекенинен баштаган.

  • ЖАМУДА КЛАССИКАЛЫК ЫРЛАР ЖАНЫРДЫ
  • ЖАМУДА КЛАССИКАЛЫК ЫРЛАР ЖАНЫРДЫ
  • ЖАМУДА КЛАССИКАЛЫК ЫРЛАР ЖАНЫРДЫ
  • ЖАМУДА КЛАССИКАЛЫК ЫРЛАР ЖАНЫРДЫ
  • ЖАМУДА КЛАССИКАЛЫК ЫРЛАР ЖАНЫРДЫ