AVN

ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ

ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ
 Sep 19, 2022  358

Бүгүн 16-сентябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетине Пакистан, Непал өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору келип, өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

      Жолугушуу окуу жайдын чоң жыйындар залында орун алып, ага Пакистандын Кыргызстандагы консулу Марван Алекс Айяш,  Пакистандын улуттук банкынын Кыргызстандагы директору Мохаммед Амин,  Австралия, Непал, Пакистан өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын  ректорлору катышышты.

     Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кенешбек Усенов – “Биздин окуу жай мүмкүнчүлүктөрдүн ордосу,  жаштардын өнүп өсүшүнө  шарттар түзүлгөн жана  мындан ары да аракеттер биз тараптан көрүлөт. Ааламдашуу убагында медицина, IT  технологияларынан  билим берүү тармагын өнүктүрүү заман талабы. Бүгүнкү өз ара кызматташуу меморандуму кагаз жүзүндө калып калбай жаш адистерди даярдоодо өз  натыйжасын алдыда көргөзөт деп ишенем. Университеттин кадырлуу коногу болгонунуздарга ыраазычылык билдирем” – деди ал.

    Пакистандын Кыргызстандагы консулу  Айаш  Марван Алекс, буга чейин кыргыз өлкөсүнүн бир нече жогорку окуу жайларында болдук. Жалал-Абад мамлекеттик  университети эл аралык денгээлде өнүгүп, техникалык базасы да талапка ылайык экенине күбө болдук. Мен элчи болгонго чейин билим берүү тармагында эмгектенгем. Студенттеринердин саны да арбын экени маалым болду, келечекте тыгыз иштешиебиз. Атайын мүмкүнчүлүк түзүп, бүгүнкү иш чараны уюштурганыңыздарга ыраазычылык билдирем – деди консул мырза.

   Дова медициналык университетинин проректору  Гурайши Мохамед Саид – окуу жайдын жалпы жамаатына жана студенттерине ийгилик каалап, академиялык мобилдүүлүктүн алкагында иштешээрин билдирди. “Билим берүүнүн бардык тармактарында биргеликте иш жүргүзөбүз. Бүгүнкү өз ара кызматташуу меморандумунда белгиленген пункттар менен кызматташуу болот. Дүйнөлүк ректорлордун форумуна катышуу менен Кыргызстандагы бир нече жогорку окуу жайлар менен иштешүүгө шарт түзүлүүдө” – деген оюн билдирди.

Жыйынтыгында ЖАМУ Австралиянын Виктория университети, Махдеш медициналык институту (Непал), Доу медициналык университети (Пакистан)  менен өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

  • ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ