AVN

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУДА

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУДА
 Sep 16, 2022  325

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ушул жылдын 12-сентябрынан 30-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык жана мамлекеттик заказды белгиленген тартипте ишке ашыруу максатындаадминистративдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна тийиштүү кызмат орундарга биринчи жолу дайындалган адамдар үчүн кайра даярдоо курстары мамлекеттик заказдын алкагында өтүүдө.

Курстун тренери Анара Акматованын айтымында  буга чейин бул курстар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында өткөрүлүп келген. Бул жолу Жалал-Абад облусунун аймактарындагы жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ЖАМУда уюштурулууда. Мамлекеттик заказдын алкагында окууну ийгиликтүү аяктаган мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга окуу аяктагандан кийин бир айдын ичинде сертификат берилет.

  • МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУДА