AVN







КОМУЗ-КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

КОМУЗ-КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Sep 10, 2022  343

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 9-сентябрь комуз күнүнө карата иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу маданий эстетикалык борбордун адиси Жусуп Масеитов билдирди.

Жаш муун ата-бабалардан калган табериктер, каада-салттар,  улуттук аспаптар жана баалуулуктар жөнүндө билүүсү абзел. Андыктан бүгүнкү комуз күнүнө карата иш-чарада улуттук аспап жөнүндө  Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу, Амангелди Шерикбаев кеңири маалымат берилип,  баяндама окуду.  Комуз кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы, кыргыз эли кылым карыткан түрк тилдүү элдердин эң байыркысы болсо, комуз ошол элдин музыкалык аспабы.

Комузду илгери айрым аймактарда чертмек ( кобус, кобуз, хобус, комыс, кумыс) деп аташкан. Комузда кыргыз элинин басып өткөн жашоо турмушунун муңдуу, кайгылуу, лирикалуу кайрыктары күүгө салынып келген. Комуз күүлөрү аткаруу маанисине карата лирикалык, эпикалык, турмуштук, мекенчилдик жана трагедиялык болуп бөлүнөт.  “Карагай капкак жаптырган, комузчудан жүздү алдырган” деп Манас ооруп жатканда күү чертилген. Манастын доорунда эле комуз бар экендигинен кабар берсе экинчиден  комуз күүсү өзгөчө кереметке ээ деген түшүнүк болгон.

Кытайлык тарыхчы Анвар Байтурдун тарихий булактагы маалыматы боюнча б.ч. 33-жылы эле комуз жөнүндө сөз болот.

Комуз күүлөрүндө эпостордун, дастандардын атын алып, мазмунун берген комуз күүлөрү бар: Жаныш-Байыш, Сарынжы-Бөкөй, Курманбек, Каныкейдин арманы, Ак Бакай Кетбука ж.б.

Атактуу күүлөр: Көйрөң күү, Сары барпы, ак тамак ,көк тамак, Камбаркан,

 Насыйкат, маш ботой ж.б.

  • КОМУЗ-КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • КОМУЗ-КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • КОМУЗ-КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ