AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА.....

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА.....
 Sep 8, 2022  497

Академиялык мобилдүүлүк программасы жөнүндө студенттерге толук маалымат жеткирүү максатында ЖАМУнун факульттеринин студенттери менен эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адистери жолугушуу уюштурушту. 

Жолугушуунун максаты академиялык мобилдүүлүк боюнча башка окуу жайга окуп келүүнү каалаган студенттер деканатка (координаторго) төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:

  • Студенттин өтүнүч арызы
  • Башка окуу жай тарабынан чакыруунун көчүрмөсү, мамлекеттик же рассмий тилде котормосу менен кошо (чакырууда сапарды өтөө мөөнөтү, максаты жана окутулуучу дисциплиналардын тизмеси камтылууга тийиш)
  • Учурдагы транскрипти
  • Окутуу боюнча үч тараптуу келишим
  • Окуу графиги (окуу графиги студенттин жеке окуу планына ылайык кабыл алуучу ЖОЖдо окутулуучу дисциплиналардын тизмесин жана өзү окуган ЖОЖдо ДОТ менен окутулуучу дисципдиналардын тизмесин  өзүнө камтууга тийиш)

Мобилдүүлүктү ишке ашыруу үчүн студенттин өтүнүч-арызы төмөнкүдөй иретте макулдашылат.

  • Кафедра бишчы
  • Декан
  • Окуу бөлүмү
  • Эл аралык байланыштар бөлүмү

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА.....
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА.....
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА.....