«Азаттык » радиосу Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде
Sep 7, 2022 386
Ушул жылдын 6-сентябрында Эркин Европа / «Азаттык» радиосунун Прагадагы Борбор Азия боюнча башкы редактору Венера Сагындык кызы, «Азаттыктын» Жалал-Абад, Ош аймагынын өкүлдөрү Бакиев Талгат, Абидинова Альмира университеттин окуу-илимий китепкана - маалымат борборунда (илимий китепкана ) болушту.
Китепканадагы Азамат Алтай клубу жана фонду менен таанышышты. Китепкана кызматкерлери менен кызуу маектешүү менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда Эркин Европа / «Азаттык» радиосунун Прагадагы Борбор Азия боюнча башкы редактору Венера Сагындык кызы: Окуу жайдын китепкансына атайын Азамат Алтайдын бурчун уюштуруп, жаш муунга кеңири жайылтууга өбөлгө болгон университеттин жетекчилерине ыраазычылык билдирип, буларга токтолду. “Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) чогулткан адабий – популярдуу басылмалардын топтомун мукабалап, тыкан, таза сактап келе жаткан ЖАМУнун китепкана кызматкерлерине терең ыраазымын. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик, ден соолук каалайм” – деп китепкананын каалоо- тилек жана сунуштар китепчесине кол жазмасын калтырды.
Китепкананын фондуна 13.09. 2013-жылы Эл аралык “Азамат Алтай” коомдук фондунун президенти, Азамат Алтайдын бир тууган жээни Тойчубек Турганбаев жана фонддун демилгечиси спорт комментатор Кабыл Макешов белекке берген “Азамат Алтай (1920 - 2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак): Б.: - 2010. – 320 беттен турган китептин редактору экендигин билдирди.
Азамат Алтайдын 100 жылдыгы 2020-жылы Америкада кыргыз диаспорасы тарабынан белгиленгенине токтолуп, “Азаттык” радиосунун 70 жылдыгына карата ЖАМУнун китепканасындагы Азамат Алтайдын фонду жөнүндө видеоматериал тартып кетерин кошумчалады.