AVN







ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ

ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ
 Sep 2, 2022  803

      Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 50 орундуу бизнести өнүктүрүү жана колдоо борбору (бизнес-инкубатор) ачылды.

        Аталган борбордун ачылуу аземи 1-сентябрда онлайн форматта орун алып, ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана 30 жогорку окуу жайлардын эмгек жамааты  катышышты.

     “Түзүлүп жаткан бизнес-инкубаторлордун иши Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын калыптандырууга багытталат” – деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек  Жапаров.

   Министрлер Кабинетинин төрагасынын айтымында, студенттер ар кандай тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыга жылдыруучу идеяларды иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алат. Аларга тажрыйбалуу насаатчылар жардам берет.

   Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири – жаштарды жана келечек муундарды окутуу үчүн ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү экендигин билдирди.

    Жалал-Абад шаарынын мэри Э. Ормоков Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаш ишкерлерди колдоо борбору ачылганын колдоп, шаардын өнүгүшүнө өбөлгө болуучу идеялар жаштар тарабынан сунушталып, ишке ашат деген оюн айтты.

    Ал эми окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кенешбек Усенов студенттердин идеяларын колдоп, аларды алдыга жылдыруу максатында толук заманбап шарты менен борбор ачылды. Стартаптын негизинде буга чейин да иштер аткарылып келген, мындан ары да күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзөбүз. Биздин студенттерден мыкты идеяларды күтөм жана талап кылам. Жаңыдан ишин баштаган борборубуздун ишине ийгилик каалайм, мамлекетибиздин экономикалык көрсөткүчүн өсүрүүгө өбөлгө болгон долбоорлар ишке ашырылсын – деген каалоолорун айтып өттү.

    Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун “бизнес-инкубатор” милдети:

  • Жаштар арасында  жаратман жана инновациялык мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу;
  • Ишкердикке жана инновациялык ишмердүүлүккө багытталган жаштар ишкердигин колдоо инфраструктураларын түзүү жана өнүктүрүү;
  • Жаштар ишкердигин маалыматтык, билим берүү, каржылык жана мүлктүк колдоонун бирдиктүү системасын түзүү жана камсыздоо;
  • Ишкердик жүргүзүүгө жаштарды билим берүү, усулдук жана маалыматтык жактан колдоо;
  • Жогорку/орто кесиптик билим берүү, бизнес жана өндүрүш чөйрөсүнүн ортосунда өз ара иштешүү жана социалдык өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү.

  • ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА 50 ОРУНДУУ БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ