AVN







ОКУУ ЖАЙДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОКУУ ЖАЙДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Sep 1, 2022  659

Бүгүн, 1-сентябрда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим күнү белгиленип, салтанаттуу азем болду.

Салтанаттуу аземде окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович куттуктоо сөз сүйлөп, профессордук-окутуучулук курамдын иштерине жана студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады. “Биздин окуу жайдын 100 жылдык тарыхы бар, кут даарыган билим уясы. Убагында мамлекеттин башында турган чыгаан инсандар билим алышкан. Ж.Бөкөнбаев, Ж.Мавлянов, Ж.Абдрахмановдор жана башка бир катар чыгаан инсандар билим алышкан. Акыркы алты жылдын ичинде өлкөдө 73 жогорку окуу жайдынын ичинен ЖАМУ алдынкы бештикке кирди. Биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн ар тарабында өз адистиктери менен эмгектенишүүдө. Туура адистикти тантап, келечекте кесипкөй адис болооруңарга ишенем жана силерден күтөм. Биздин билим уяга кош келгиле урматтуу биздин абитуриенттер!”

Билим күнүнө арналган иш чарага окуу жайдын жалпы эмгек жамааты, студенттер жана ата-энелер катышышты.

  • ОКУУ ЖАЙДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ОКУУ ЖАЙДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ОКУУ ЖАЙДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ОКУУ ЖАЙДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ОКУУ ЖАЙДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ОКУУ ЖАЙДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ