AVN







БАРДЫК ЭЛДЕРДИН ЭНЕЛЕРИ ЫЙЫК

 Mar 7, 2018  891

Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасында 8–март аялдардын Эл аралык күнүнө карата 6-март күнү  “Бардык элдердин энелери ыйык” – деген темада жыйын болуп өттү. Мындай маалыматты Химия кафедрасынан кабарлашты.

        Жыйындын ачылышында  кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент  Нуржамал Арстанбекова  окутуучулар жана студенттерди келе жаткан 8-март “Аялдардын Эл  аралык майрамы”  менен куттуктады. Жаз мезгилинин башталышы менен жаркырап кирип келген айымдардын майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм, ар дайым жаздай болуп жадырап, гүлдөй болуп ачылып,  мээрим төгүп аял заты деген статуска татыктуу болуп жүрүшүңөргө тилектешмин – деп сөзүн жыйынтыктады.

      Андан кийин  Химия -1-14 тайпасынын студенти Асель Мусаева “Бардык элдердин энелери ыйык” деген темада презентация жасады жана Апа жөнүндө видео роликтерди тартуулады. Ошондой эле аталган адистиктин 1-курсунун жана 2-курсунун студент кыздары, ыр бийлерди аткарып өзгөчө маанай тартуулашты. Кийинки кезекте 2-курстун студенти Кубанычбек кызы Барчынай “8-март айымдардын Эл аралык  майрамы” деген аталышта баяндама жасады. Баяндамада 8-март майрамынын тарыхы жана кызыктуу маалыматтар камтылган.  Ал эми Мырзакул кызы Мадина “Аял зат” деген ырды көркөм окуду.

       Айымдардан кем калбастан кафедранын мырзалары активдүү болуп майрамдык маанайды мынданда жакшыртуу үчүн ырларды көркөм окуп, күлкүлүү сатираларды аткарышып, обондуу ырларды ырдашып айымдарга өзгөчө белек тартуулашты.

  Жыйынга жалпысынан мугалимдер жана студенттер жамааты толугу менен активдүү катышышты.